Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эл аралык мелдешке катышат

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин куткаруучулары жакынкы арада Казакстан Республикасында өтө турган эл аралык мелдешке даярдык көрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда ӨКМдин облустук башкармалыктарынан куткаруучулар тандалып келинген. Алар алдыдагы 1 айлык убакытта аталган борбордо билимдерин жогорулатуу үчүн атайын окуудан өтүшөт. Ал убакыт аралыгында куткаруунун бардык түрүн окуп үйрөнүшөт.

Ал эми эл аралык мелдешке жалпысынан 8 куткаруучу тандалып алынары айтылган. Мындай иш чаралар куткаруучулардын эл аралык аренада професионалдуулугун далилдөө үчүн өткөрүлүп жатканы маалым болду.

Эске салсак,ӨКМдин куткаруучулар тобу буга чейин дагы КАЗПАСС эл аралык мелдештерине катышып алдыңкы орундарды багындырып келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.