Козу карынга барып. Ысык-Көл облусунда 65 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Ысык-Көл облусунда 65 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-август күнү 4 адам (1 аял, 3 эркек) Ак-Суу районунун Түргөн капчыгайындагы Тихая вода тилкесине козу карын чогултуу үчүн барышкан. Алар козу карын жыйнап жүргөн кезде 1956-жылы туулган М.С. аттуу жаран дайынсыз болуп жоголуп кеткендиги тууралуу ӨКМга билдиришкен.
«Издөө иштерине ӨКМнын жалпы 15 куткаруучусу тартылган. Бүгүн, 17-августта маркумдун сөөгү туугандары тарабынан табылган», — деп билдиришти мекемеден.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.