БУУнун Ооганстандагы өкүлү талибдер элди кыйнап өлтүрүп жатканын айтты

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

«Талибан» кыймылы толугу менен көзөмөлгө алган Ооганстанда массалык адам өлтүрүү жана үйлөрдү тинтүүгө алуу болуп жатат. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Ооганстандагы туруктуу өкүлү Гулам Исакзай билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, талибдер Кабулдун кээ бир аймактарында үйлөрдү тинтүүгө алып, тизмедеги адамдарды издешүүдө. Ошондой эле мародёрчулук жана массалык киши өлтүрүү фактылары катталган. Өкүлдүн билдиришинде Кабул шаарындагы адамдардын өмүрү коркунучта.

«Талибдер дагы бир жолу убадаларын жана милдеттенмелерин бузду. Биз Кандагарда жана башка чоң шаарларда талибдердин массалык түрдө аскердик жана жай тургундарды өлтүргөн үрөй учурган сүрөттөрүн көрдүк», — деген Исакзай.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш өз кезегинде бардык өлкөлөрдү Ооганстандан качкындарды кабыл алууга чакырды.

Өз кезегинде талибандардын лидерлери америкалыктар менен кызматташкан оогандарды жазалабай жана куугунтуктабай тургандыктарын билдиришкен.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин «Талибан» согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантып, учурда Ооганстандын дээрлик бардык аймагы талибандардын көзөмөлүнө өттү.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.