Уулунун операциясы үчүн элден жардам сураган эне үстүнө 15 литр кайнаган суу төгүп алып ооруканага жатып калды

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Төрт баланын энеси Айнура Дооткулова SUPER.KG порталына буга чейин жардам сурап кайрылган. Ал үч кыздан кийин төрөлгөн уулунун мээси кургап баратканын, аны Индияда гана дарылоого мүмкүн экенин айткан.

Уулу Раян учурда 11 айлык болду. Бирок ден соолугунда эч кандай жылыш жок. Айнура Дооткулова тапкан каражатын чогултуп, дагы жардам сурап болгон үмүтүн артып отурган кезде 15 литр кайнаган сууга денесин күйгүзүп ооруканага жатып калды. Жалгыз бой эне балдарын кимге калтырарын, өзүнө, уулуна дары-дармекке каражатты кимден сураарын билбей турган чагы.

«11 айдан бери SUPER.KG порталынан сырткары болгон тааныштарыма, интернеттен ырчы, актёр, блогерлерге, бийликтегилерге, айтор баарына кат жазып жардам сурап жатам. Каражат бир канча сом чогулганда эле баламдын эпилепциясы кармап улам жандандыруу бөлүмүнө жатып калат. Ал ортодо менин тагдырымды колдонуп, баламдын сүрөттөрүн илип, акча таап кетишкендер да болду. Алардын үстүнөн арыз жазгам, бирок андан дайын жок. Эң башкысы уулума акча чогулса экен деген ой менен карап жаткам. Жакында кокустук болуп эми мен өзүм ооруканага жатып калдым. 15 литр суу кайнап турган тефалды коём деп үстүмө төгүлдү, ток тартып кетти окшойт, түшүнбөй да калдым. Денемдин көп бөлүгү күйдү. Колум, бетим, моюнум, төшүмө чейин. Апам майып болсо да балдарымды карап тургула деп таштадым. Суранам, биздин үй-бүлөгө жардам берип коюңуздар», — дейт Айнура Дооткулова.

Айнура эжеге жана анын баласы Раянга жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Optima Bank 4169585348307843

Элкарт 9417019308325115
Элсом 0707 408 450
visa 4177490156300073
СберБанк 5336690345337002
Байланыш үчүн номер: 0707 408 450.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.