Батирде жигити менен болгон. 17 жаштагы Саида табылды

Бишкек, 17.08.2021 Sokol.media

Сокулук РИИБдүн кызматкерлеи тарабынан дайынсыз болуп жаткан 2004-жылы туулган кыз табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун маалымат кызматы билдирди.
Сокулук районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан буга чейин дайынсыз болуп жүргөн 2004-жылы туулган Саида Исмаилова аман-эсен табылды. Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргузулгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз 2021-жылдын 16-август күнү Ош шаарындагы батирлердин биринен жигити менен табылган.
17-август күнү жогорудагы кыз жана 1996-жылы туулган жигити Сокулук РИИБнө териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилген.
Чүй облсунун ИИББы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн өз үйүнөн чыгып кеткен фактыларын алдын алуу максатында, ата-энелерди өспүрүмдөргө өзгөчө көзөмөл кылууга чакырат. Ата-энелер балдары менен ар дайым баарлашып, алардын көйгөйлөрү тууралуу билүүсү жана убагында туура кеңеш берүүсү зарыл. Балдардын үйдөн чыгып кетүүсү көбүнчө ата-энелер менен чыккан пикир келишпестик жана түшүнбөстүктөрдөн улам болгону белгилүү.
Өсүп келе жаткан жаштар үчүн эске сала кетүүчү жагдай, үйдөн качып кетүү ортодо чыккан түшүнбөстүктөрдү чечүүнүн жалгыз жолу эмес. Мындай кадамдар тескерисинче жаңы көйгөйлөргө жана кооптуу учурларга жол ачат. Кандай гана кырдаал жана түшүнбөстүктөр болбосун ата-эне жана балдардын ортосунда сүйлөршүү ошондой эле бири-бирин түшүнүү аркылуу баардык меселе чечилээри бышык.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.