Талибдер басып ала элек Панджшер провинциясы каршылык көрсөтүүгө даяр экендиги айтылууда

Бишкек, 16.08.2021 Sokol.media

Талибдер Афганистандын бир гана Панджшер аймагын басып кире элек. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье» Telegram каналы маалымдады.

Панджшер кыргызчага которгондо «беш арстан» дегенди түшүндүрөт. Бул — өлкөдөгү 34 провинциянын бири. Калкынын саны 150 миң адамды түзсө, анын 98,9 пайызы тажиктер.

«Өкмөттүк күчтөр менен элдик кошуун Панджшердин чек арасында топтолууда. Аталган провинция талибдерге каршы тура турган аймак болушу ыктымал. Мындай миссия бул аймакка экинчи ирет жүктөлүп жатат. 1996-жылдын сентябрь айында Кабулду согушкерлер басып алганда өкмөттүк күчтөр менен президент Раббани Панджшер капчыгайына жашынышкан», —деп айтылат маалыматта.

Sputnik Тажикстан агенттигине маалым болгондой, Панджшерде лидерлер талибдерге каршы чоң согушка даярдык көрүшүүдө. Азыр капчыгайда 20дай аскердик база бар. Талибдер менен буга чейинки согушта бул жерде сегиз аскердик база бар эле.

Белгилей кетсек, Түндүк альянстын белгилүү лидерлеринин бири Ахмад Шах Масуд дал ушул капчыгайдагы айылдардын биринде төрөлүп, Панджшердик арстан ысымын алган.

Эске салсак, кечээ, 15-августта, «Талибан»* кыймылынын мүчөлөрү Кабул шаарын басып алган. ЖМКнын маалыматына ылайык, алар бардык чек араларды көзөмөлгө алышкан.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.