«Экологиялык катастрофа». Кыргызстан кургакчылыктан жабыркоодо (видео)

Бишкек, 16.08.2021 Sokol.media

Чүй өрөөнүндөгү сугаттын начардыгы дыйкандардын жакшы түшүмгө болгон үмүтүн өчүрүп, тоюттун баасы бир жарым эсеге кымбаттады. Кургакчылык айыл чарбасынан тышкары экологияга да зыянын тийгизди.

Адистер жалпы Чүй өрөөнү боюнча миңдеген жапайы жандыктар өлгөнүн билдиришүүдө.

Адылбек Солтобаев быйыл айдоо жерине беде сепкен. Буга чейинки жылдары ал гектарынан 180 түктөн алса, быйыл кургакчылыктан улам түшүмү эки эсе аз болду. Аймакта сугат суу тартыш болгондуктан, дыйкандар быйыл бедесин сугара алган эмес.

«Адаттагыдай эле беде суусуз калды. Анткени алгач кант кызылчасына, жүгөрүгө басым жасалып, суу ошолорго бөлүнөт. Алардан арткандан кийин бедеге берилет. Быйыл кезек жетпей, беде таптакыр эле сугарылган жок», – деди Солтобаев.

Учурда талааларда түшүм жыйналып бүтө элек, бирок азыр эле мол түшүм болбой турганы көрүнүп турат. «Кургакчылык дыйкандарга гана таасир эткен жок. Анын кесепеттери бүткүл элге сезилет. Түшүм мол болсо, баарынын курсагы ток болмок. Тилекке каршы, азыр азык-түлүктүн баасы жогорулап жатат», – деди Асан Борколдоев аттуу дыйкан.

Азырынча аймакта баарынан да малдын тоюту кескин кымбаттаганы көбүрөөк сезилүүдө.

«Эки ай мурда бир түктүн баасы 170 сом болчу. Бир жумадан кийин эле 300 сомго, бир айда 400 сомго чыкты. Кышкысын канчадан сатыларын элестете албай турам», – деди Үсөн аттуу фермер.

Айыл чарба министрлиги малчыларга жардам болсун деп өлкө сыртына тоют чыгарууга тыюу салып, сырттан ташылып келингендерин салыктан бошотту. Бирок тургундар өкмөттүн мындай чарасы көп деле жардам бербегенин, баалар былтыркыга салыштырмалуу бир жарым эсеге кымбат болуп жатканын билдиришүүдө.

Кургакчылык айыл чарбасына гана таасир эткен жок, андан миңдеген жапайы жандыктар да жабыркаган.

Фотограф, эколог-активист Влад Ушаков бир кезде сууга мол саналган Чүйдүн азыркы көрүнүшүн, суу таңкыстыгы алып келген кесепеттерди сүрөткө тартып, интернетке жарыялады.

«Чүй өрөөнүндө экологиялык катастрофа болду деп айтууга болот. Бул жандыктардын белгилүү бир түрүнө гана эмес, бардыгына таасир этти. Келгин куштардан тартып балыктарга чейин жабыркады», – деди экоактивист.

Ал көптөгөн кесепеттердин алдын алса болмок деп эсептейт. Анын айтымында, жок дегенде суу сактагычтардагы балыктар өлүп калбашы үчүн анда бир нече метр тереңдиктеги сууну калтырып коюу керек эле.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.