Грузиянын экс-президенти: «Талибдердин кийинки кадамы Борбор Азия өлкөлөрү»

Бишкек, 16.08.2021 Sokol.media

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Фейсбуктагы баракчасы аркылуу «Талибан» кыймылы Ооганстан бийлигин басып алгандыгы боюнча билдирүү калтырган.

«Он жыл мурун мен америкалыктар Ооганстандан кетери менен ооган өкмөтүнүн кулашы жана талибдердин толук жеңиши эң көп дегенде бир нече айга созулат деп айткам. Эми алар муну менен токтоп калбайт, талиптердин кийинки бутасы Борбор Азия болот«, — деп жазган Саакашвили.

Эске салсак, талип согушкерлери Ооганстандын шаарларын бирден басып алышкан жана 15 -августта түштөн кийин Ооганстандын бүт аймагында көзөмөл орнотулганын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани отставкага кетти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.