Бишкекке көп орундуу 300дөн ашуун автобустар алып келинет

Бишкек, 16.08.2021 Sokol.media

Бишкекке түркиялык өндүрүштөгү көп орундуу автобустар келет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 
Маалым болгондой, шаардык транспорт башкармалыгы «Грин Бас» жоопкерчилиги чектелген коом менен меморандумга кол койду. Ага ылайык, 2021-2022-жылдар аралыгында Бишкек шаарына 300-350 автобусту жеткирүү мерчемделүүдө.
«10-12 метрлик экологиялык таза жайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борбор калаага жеткирилет. Автобустар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна жана эл аралык стандарттарга, талаптарга толук жооп берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.