АКШ элчилигин алдында митинг өтүп жатат

Бишкек, 16.08.2021 Sokol.media

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарындагы АКШ элчилигинин алдында митинг өтүүдө. Чогулгандар Нью-Йорк эл аралык сотунан «Центерранын» «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоо жөнүндө өтүнүчүн четке кагууну талап кылып жатышат.

Акцияга болжол менен 40 адам катышууда. Алардын бири Канышай Рысбаева Нью-Йорк эл аралык сотунун «Центерранын» өтүнүчүн караган отуруму эртең, 17-августта болорун айтты.

«Центерра» 20 жылдан бери мыйзам бузуу менен иштеп келет. Эки мөңгү: Лысый жана Давыдов талкаланды. Ошондой эле мөңгүлөргө калдыктарды топтоп келишкен. Андан тышкары Нарын дарыясы булганууда», — деди Рысбаева.

Ал 2009-жылдан бери «Кумтөр Голд Компани» тарабынан бир катар салыктар төлөнбөгөнүн айтты.

«Нью-Йорк эл аралык соту бизге көңүл буруп, «Центерранын» мыйзам бузууларын эске алсын деп чыктык. Сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарат деп күтөбүз», — деди Рысбаева.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.