Жигити менен качып кеткен 17 жаштагы Саида изделүүдө

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

2004-жылы туулган Саида Исмаилова изделип жатканын Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Саида 4-августта Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен. Милициянын маалыматы боюнча, Саида 1996-жылы туулган жигити Аттокуров Азат Касымалиевич менен кеткен.

Укук коргоо органдары кызды көргөн же анын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86.0 (709) 35-35-29

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.