Тейлөөчү кызды калькулятор менен урган жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Бишкектеги оюз-зоок жайларынын биринде, кассада олтурган кызды кыргызча тейлебегендиги үчүн калькулятор менен коюп жиберген жаран камакка алынды.  Бул тууралуу Бишкектин Октябрь РИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен каттоого алынып, коомчулукта нааразычылыктар күчөп кеткендиктен, берене катаалдаштырылган.

Учурда  шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  Сотко чейинки өндүрүштө анын өздүгү аныкталып,  1992-жылы төрөлгөн  А.А. экендиги белгилүү болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.