Статистика. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу азык-түлүктөргө болгон баа 18,9 пайызга өстү

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

2021-жылдын январь-июль айларында баалар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3 пайызга өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, учурда эң чоң өсүш азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга болгон — 18,9 пайыз.

«2021-жылдын башынан бери жалпысынан өлкөдө баалардын өсүшү 7 пайызды түздү. Жыл башынан бери кескин баасы көтөрүлгөн азык-түлүктөрдүн катарына гречка (32,9 пайыз), картошка (30,7 пайыз) жана жаңы жашылчалар (26,7 пайыз) кирген.

Баалардын максималдуу өсүшү (9,7 пайыз) Баткен облусунда катталган. Бул башка региондордон айырмачылыгы, азык-түлүк продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга (13,8 пайызга) жана алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (13,6 пайызга) болгон баанын эң чоң өсүшү менен шартталган«, — деп билдиришти Улуттук статистикалык комитеттен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.