Садыр Жапаров акимдерге 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Президент Садыр Жапаров райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды«, — деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Буга чейин президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер жарыялаган.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.