Окуу 15-сентябрдан башталса мугалимдердин эмгек акысы кыскарабы? Министрликтен жооп

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Бүгүн, 13-август күнү өлкө боюнча жаңы окуу жылынын башталышына арналган маалымат жыйын өтүүдө.

Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ бөлүмүнүн башчысы Акыйкат Баймуратова окуу жылы 15-сентябрда башталганына карабай мугалимдерге айлык акы өз убагында төлөнөрүн билдирди.

«Окуу жылы 15-сентябрда башталса деле билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин айлык акысы кыскарууга учурабайт. Бюджетте мугалимдердин айлык акысын өз убагында төлөп берүүгө каражат жетиштүү«, — деди Баймуратова.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.