Нарында 5 баланын атасы уйду сарайга киргизбей койгону үчүн аялын өлтүрүп салган

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Нарын райондук соту аялын мылтык менен атып өлтүргөн Болоттун (аты өзгөртүлдү) жазык ишин карап чыгып, өкүм кыбыл алды.
Айыпталуучу 1982-жылы Нарын районунда туулган, билими жок, 2-топтогу майып. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы, эч жерде иштебейт. Мурда 2008-жылы Кочкор райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 1-бөлүмү (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, ушул эле кодекстин 63-беренесинин (Шарттуу соттоо) негизинде 1 жыл сыноо мөөнөтү белгиленген.
Ал бул жолу Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Киши өлтүрүү), 253-беренесинин 1-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен айыпталууда. 2021-жылдын 28-майынан бери камакта.
Тергөөнүн маалыматтарына караганда, Болот 2021-жылдын 19-майында саат 21:00 чамасында 1978-жылы туулган аялы Нуриманды (аты өзгөртүлдү) «уйду мал короого киргизип койбойсуңбу» деп, башка жана сол колунун булчуңуна муштап, оң санга тепкен. Ошол күнү болжол менен саат 23:30 чамасында ашканада мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын октоп жатып, аялы Нуриманды сол тарапка аткан. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон.
Болот кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында аялын жүрөк оорусунан каза болду деп, 22-майда Нарын районунда каада-салт менен жерге берген.
Айыпталуучунун биринчи берген көрсөтмөсүндө аялы менен уруш-талаш болбогондугун, Нуриман ок атуучу куралды жер төшөктүн алдынан алып жаткан учурда атылып кетип каза болгондугун айтып, окуяны бурмалоого аракет кылган.
Бирок Нарын шаардык сотунун 26-майдагы чечиминин негизинде 27-майда аялынын сөөгү эксгумацияланып, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Болот аялын атайылап атып, жабырлануучу алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган.
Ошондой эле, ал 1964-жылы Ижевск курал чыгаруучу заводунан чыккан «ИЖ-18ЕМ» үлгүсүндөгү 16-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү аныкталган.
Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу тергөөчүнүн токтомун толугу менен колдоду. Ошондой эле, соттук-психиатриялык экспертизанын 2021-жылдын 11-июнундагы корутундусу боюнча айыпталуучу психикалык жактан оорулуу экендиги, өзү жасаган аракеттеринин маанисин түшүнбөстүгү жана башкара албастыгы аныкталганын көрсөттү. Мындан улам аны Жазык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмү (Акыл-эси жайында эместик) менен жазык жоопкерчилигинен бошотууну, Жазык-процесстик кодексинин 473-беренесинин 1-бөлүмүнө (Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу соттун токтому) ылайык ага карата козголгон жазык ишин кыскартууну жана Жазык кодексинин 117-беренесинин 3-пунктунун (Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү) негизинде күчөтүлгөн байкоого алуу менен Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык мекемесине госпиталдаштырууну сурады.
Соттук отурумда айыпталуучу Болот күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алды. Анын айтымында, мылтыкты октоп жатканда ок атуучу курал кокусунан атылып кеткен. Андан аялы жаракат алып, ошол жерде каза болгон. Ал эми мылтык ага чоң атасынан калган. Анын мыйзамдаштырган эмес.
Болот соттон жеңилирээк жаза берүүнү сурады.
Айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлүнүн айтымында, бир тууган иниси ок атуучу куралын октоп жатып аялын кокусунан
атып алган. Келини ошол жерден каза болгон. Буга чейин инисинин ок атуучу куралы бар экенин билген эмес. Ал эми келини менен иниси ынтымактуу жашап, беш баланы тарбиялап жатышкан.
Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн айтымында, күйөө баласынын сиңдисин атайын атып өлтүргөнүнө ишенбейт. Мындан улам ага карата эч кандай доосу жок.
Жыйынтыгында Жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Киши өлтүрүү) жана 253-беренесинин 1-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен айыпталган Болоттун жазык иши Жазык-процесстик кодексинин 473-беренесинин 1-бөлүмүнө (Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу соттун токтому) ылайык өндүрүштөн кыскартылып, аны күчөтүлгөн байкоого алуу менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык мекемесине мажбурлап дарылоого госпиталдаштырылмай болду.
Чечим 2-августта кабыл алынган. Бул токтомго нааразы тарап 10 сутка ичинде апелляциялык тартипте Нарын облустук сотуна Нарын райондук соту аркылуу даттанууга укуктуу.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.