Мектептерде окуу чейректеринин жана каникулдардын мөөнөтү өзгөрдү

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Кыргызстанда жаңы окуу жылы быйыл 15-сентябрда кадимки тартипте башталат, ошого байланыштуу каникулдардын жана “Акыркы коңгуроо” күнүнүн да мөөнөтү өзгөрдү. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 13-августта билдиргендей, мектептер мурдагыдай тартипте иштөөсүн улантат.

Биринчи чейрек 5-ноябрда аяктап, 8-14-ноябрь каникул болот. Экинчи чейрек 31-декабрда аяктап, андан кийин балдар 10 күн эс алат. Үчүнчү чейрек 18-мартта жыйынтыкталып, 21-27-март каникул болот. Ал эми төртүнчү чейрек 8-июнда аяктап, “Акыркы коңгуроо” 9-июнда өтөт.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 вирусу 170 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден көбү каза болду. Көз жумгандардын алтоо бала экенин Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбор быйыл 27-июлда билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.