Кыргызстанда цементтин баасы бир жылда 26 пайызга кымбаттаган

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Цементтин чекене баасы бир жылдын ичинде 26 пайызга ашыкча өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын июлунда цементке болгон чекене баалар республика боюнча орточо 50 килограммы үчүн 357 сом 6 тыйын түзгөнүн жана өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу дээрлик 26,3 пайызга өскөн. Ал эми кирпичтин баасы, тийиштүүлүгүнө жараша, салыштырмалуу 1000 даана үчүн 7 872 сомду түзгөнүн жана 21,3 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Муну менен бирге, цементке болгон максималдуу чекене баалар:

  • Кара-Балта шаарында (50 килограммы үчүн 409 сом 9 тыйын)
  • Нарын шаарында (50 килограммы үчүн 400 сом)
  • Чаек айылында (50 килограммы үчүн 399 сом 9 тыйын) түздү.

Ал эми аларга карата минималдуу баалар:

  • Жалал-Абад жана Өзгөн (50 килограммы үчүн 300 сом)
  • Ноокат (50 килограммы үчүн 320 сом) шаарларында катталды.

Кирпичке карата чекене баалар:

  • Токмок (1000 даана үчүн 13 228,8 сом)
  • Талас (1000 даана үчүн 12 000 сом)
  • Исфана (1000 даана үчүн 11 000 сом), шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү.

Ал эми ага карата минималдуу баалар Кара-Суу (1000 даана үчүн 2 978,1 сом), Кербен (1000 даана үчүн 3 898 сом 7 тыйын) жана Өзгөн (1000 даана үчүн 5 миң 899 сом 2 тыйын) шаарларында байкалды.

«Цементке болгон баанын өткөн айга салыштырмалуу Покровка айылында – 43,5 пайызга, Кара-Балта шаарында – 41,3 пайызга жана Ош шаарында -38,7 пайызга, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана шаарында – 1,6 пайызга, Кербен шаарында – 44,5 пайызга жана Кара-Балта шаарында – 36,4 пайызга өсүшү байкалды«, деп жазылат маалыматта.

Айрым калктуу конуш пункттарында цементтин жана кирпичтин орточо чекене баалары июль айында

(50 килограмм, 1000 даана үчүн сом)

Цемент Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Кирпич Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020 2021 2020 2021
Кыргыз Республикасы 283,1 357,6 74,5 6488,4 7872,0 1383,5
Каракол шаары 315,0 350,0 35,0 7483,3 8000,0 516,7
Балыкчы шаары 333,1 359,7 26,6 7000,0 7500,0 500,0
Кербен шаары 359,9 396,9 37,0 2698,1 3898,7 1200,6
Токтогул шаары 313,3 386,6 73,3 5000,0 6000,0 1000,0
Жалал-Абад шаары 275,0 300,0 25,0 7500,0 8500,0 1000,0
Чаек а., Жумгал району 340,0 399,9 59,9 0,0 0,0 0,0
Нарын шаары 360,0 400,0 40,0 10000,0 10000,0 0,0
Исфана шаары 300,0 345,0 45,0 6800,0 11000,0 4200,0
Баткен шаары 290,0 325,0 35,0 9000,0 10000,0 1000,0
Кара-Суу шаары 281,0 331,2 50,2 2978,1 2978,1 0,0
Ноокат шаары 300,0 320,0 20,0 9500,0 10247,0 747,0
Өзгөн шаары 275,0 300,0 25,0 5799,1 5899,2 100,0
Покровка а., Манас району 230,0 330,0 100,0 0,0 0,0 0,0
Талас шаары 370,0 362,3 -7,7 10000,0 12000,0 2000,0
Кара-Балта 290,0 409,9 119,9 5500,0 7500,0 2000,0
Токмок шаары 300,0 375,0 75,0 13228,8 13228,8 0,0
Бишкек шаары 272,9 358,0 85,0 5870,9 7524,9 1654,0
Ош шаары 271,4 376,5 105,1 5465,2 6899,5

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.