Кримавторитет Лимонтинин өлтүргөн Талгат Шамиев СИЗО-1де өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтты

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум уланды.

Жактоочу Жаныбек Моңолбаевдин SUPER.KG порталына билдиргени боюнча «Талгат Шамиевге СИЗО-1ден ар кандай коркутуулар болуп жатат. Алар Алмазбек Сулаймановдун тарапташтары. Мындан улам Шамиевдин өмүрүнө коркунучтар жаралууда. Ошондуктан аны УКМКнын СИЗОсуна которууну сурандым. Бирок судья Мирлан Термечиков биздин өтүнүчтү канааттандырган жок», — деди Моңолбаев.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамшиев аттуу жаран кармалган. Ал андан соң Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Айыпталуучу Имаш Шамиев аттуу Нарын облусунун тургунунун уулу болгон. Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан каза болгону маалымдалган

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.