Базар-Коргондогу Үч-Эмчек конушуна Чубак ажынын ысымы ыйгарылат

Бишкек, 13.08.2021 Sokol.media

Диний ишмер, маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымы Базар-Коргон шаарындагы жаңы конушка ыйгарылды. Бул тууралуу шаар мэри Ильяс Төлөнөв билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары мындай сунушту бир добуштан колдоп беришкен.

Бул конуш шаардын борборунан 3 чакырымдай алыс аралыкта жайгашкан. Буга чейин ал жер Үч-Эмчек участкасы деп аталчу. Азыркы тапта конуштун жаңы аталышы боюнча тиешелүү документтери даярдалууда. Чубак ажы конушунда бүгүнкү күндө 400гө жакын кожолук бар. Бул конушту кеңейтүү үчүн кайракы жерлердин документтерин даярдап, министрлер кабинетине трансформацияга жөнөтүүнү пландоодобуз», — деди шаар мэри.

Базар-Коргон шаарында 62 миңден ашуун калк жашайт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.