Жаңы окуу жылында Кыргызстанда 19 мектеп пайдаланууга берилет

Бишкек, 12.08.2021 Sokol.media

2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстанда 19 мектеп жана бир нече мектептин кошумча имараттары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай – жарандык курулуш департаментинин башкы инженери Жумабай Мандеев билдирди.

Анын айтымында, учурда имараттарды электр жарыгы менен камсыздоо, эмеректерди, окуу-усулдук аспаптарды курап, киргизүү, мектеп короолорун тазалоо иштери жүрүп жатат.

“Эгемендиктин 30 жылдыгына карата отуз обьектти тапшырабыз деп максат кылганбыз. Бүгүнкү күнү 19 мектеп, 10 бала бакча жана үч социалдык мекемени тапшырабыз”.

1-сентябрда ишке кирүүчү 19 мектептин ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткендеги мектептер да бар.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.