Ноокен районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

Бишкек, 12.08.2021 Sokol.media

Жалал-Абаддын Ноокен районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек—Ош унаа жолунун 530-чакырымында «Мазда» жана «Хово» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1985-жылы туулган Д.Э. аттуу жаран каза болгон.

Жерине №55 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.