Москвада Кыргыз жараны наристени таап алган. Ымыркай анын небереси болуп чыкты

Бишкек, 12.08.2021 Sokol.media

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны укук коргоочуларга кайрылып, аялдамадан наристе таап алганын айткан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ымыркай анын небереси болуп чыкканын орусиялык Телеграм каналда жазылат.

Маалыматта айтылгандай, Москвада жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жараны 11-августта укук коргоочуларга кайрылган.

«Ал шосселердин бириндеги аялдамадан ымыркайды таап алганын билдирген. Полиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, камераларда жазылган видеолорду көрүп чыгышкан. Ага ылайык, кайрылган жаран наристени өзү жашаган үйдөн алып чыкканы аныкталган.

Белгилүү болгондой, мигранттын 20 жаштагы кызын ушул жылдын жаз мезгилинде жигити ала качып кеткен. Кызы менен күйөө баласы 4-августта наристелүү болушкан. Бирок ымыркайдын атасы дайынсыз болуп кеткен. Мындан улам кызы ата-энесинин үйүнө келген. Кызынын абийири үчүн кабатыр болгон ата небересинен кутулууну чечкен», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча аталган аймактык прокуратура текшерүүлөрдү жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын тактоодо. Ал эми ымыркай медициналык жайлардын биринде дарыгерлердин көзөмөлүнө алынгандыгы белгилинет.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.