Марат Иманкулов: Адилетсиз шайлоо элди толкундоого алып келери мүмкүн

Бишкек, 12.08.2021 Sokol.media

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандагы ички улуттук коопсуздуктун эң башкы коркунучу катары шайлоолорду атады.

Бүгүн, 12-августта өтүп жаткан коопсуздукка байланыштуу эксперттердин жыйынында сөз сүйлөп, өлкөдөгү ички, тышкы кооптуу факторлорду санады.

«Кыргызстанда акыркы жыйырма жылдан бери саясий, экономикалык туруксуз абал адилет өтпөгөн шайлоолордон улам келип чыгууда. Шайлоого байланышкан саясий оюндар кан төгүүлөргө алып барууда. Буга 2005-2010- 2020-жылдардагы парламенттик шайлоодон кийин болгон окуяларды мисал келтирсек болот. Ар ким өз көмөчүнө күл тартып олтуруп, улуттук коопсуздук унутта калууда. 2020-жылдын октябрь айында болгон окуялар буга мисал. Ошондо да шайлоонун алдында биз бийликке эскерп, тиадилетсиз шайлоо элди толкундоого алып келери мүмкүн экенин айтканбыз».

Ооганстандагы талибдердин аймактарды улам ээлеп алуусу Кыргызстандын сырткы коопсуздугу үчүн олуттуу көйгөй болорун да эскертти.

Бишкекте «Кыргызстандагы улуттук коопсуздуктун курч маселелери» аттуу жыйын өтүп жатат. Аны «Элчи» деп аталган социалдык-саясий изилдөө институту уюштурду. Иш чарага өкмөт өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышууда. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.