Өлкөдө жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

Бишкек, 12.08.2021 Sokol.media

Быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

«Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.

Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбей турганы айтылды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.