Кыргызстандык келин Москвадагы «Кондитер» долбоорунун суперфиналына өттү

Бишкек, 12.08.2021 Sokol.media

Россиялык «Пятница» телеканалында өтүп жатан «Кондитер» долбоорунун суперфиналына Москвада иштеген Анара Мурзакулова өтүп кетти. Сынактын жеңүүчүсү 1 миллион рубль байге алат.

34 жаштагы келин суперфиналга чыгуу үчүн калыстар тобуна эки кабаттуу, үстүнө кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздын фигурасы коюлган торт жасап келген.

«Көрүүчү Анараны, тортту көрүп турат. Бирок мен азыр кандай даамды сезгенимди билбейт. Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Долбоордун буга чейин беш сезонунда тең шоколаддан жасалган мынчалык даамдуу торт жеп көргөн эмесмин. Анара өз ишинин мыктысы, гений экен. Керемет!» — деди алып баруучу.

Алып баруучу жана белгилүү кондитер Ренат Агзамов тортту ооз тийип көрөрү менен анын укмуштуу даамын көрүүчүлөргө кантип сүрөттөп берерин билбей жатканын айтты

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.