Анжелика: Темир Сариев үй камагына чыгыш керек

Бишкек, 12.08.2021 Sokol.media

Ырчы Анжелика саясатчы Темир Сариевдин камалышы тууралуу үн катты. Ал өз пикирин инстаграм баракчасына жазган:

«МЕН ДАГЫ КАЙРЫЛУУЛАРГА КОШУЛАМ. УЛУК МЕН АЙТКЫМ КЕЛГЕН СӨЗДӨРДҮ ЖАЗЫПТЫР, КАЙТАЛАНБАЙ БӨЛҮШҮП КОЮН ДЕП ЧЕЧТИМ. ЖАКШЫНЫ ЖАКШЫ ДЕЙ БИЛЕЛИ.
ҮЙ КАМАГЫНА ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ЗОРДУКТАГАНДАРДЫ ЧЫГАРЫП, ТАКТАЛБАГАН МААЛЫМАТ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНГА АК НИЕТИ МЕНЕН ИШТЕГЕНДЕРДИ КАМОО ТУУРА ЭМЕС.

САЯСАТ ТУУРАЛУУ ПОСТ ЖАЗГАНДЫ ТОКТОТТУМ ЭЛЕ. БИРОК,БУЛ ИНСАН ТУУРАЛУУ ӨЗ ОЮМДУ ЖАЗЫП,ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРСЫН ДЕГЕНДЕРДИН АРАСЫНДА МЕН ДАГЫ БАР ЭКЕНИМДИ АЙТКЫМ КЕЛЕТ. ТЕМИР АРГЕМБАЕВИЧ ШАЙЛООГО КАТЫШЫП,ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЙГОНДО,КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРЫП ҮГҮТ ИШТЕРИ МЕНЕН ЖҮРГӨНБҮЗ. АЛЫП БАРУУЧУЛУК КЫЗМАТ ҮЧҮН АЛ УЧУРДА БАШКА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КОЛДОГОНДОР 3-10 МИҢ ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН АЛЫШКАН. МЕН САРИЕВДИ КОЛДОП,БАПАЙЫМ (БАЙКЕМ) ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТТАНЫП АТСА ДЕП,БЕКЕР ИШТЕП БЕРГЕМ. АЙТАЙЫН ДЕГЕНИМ,БУЛ ПОСТТУ ЧЫН ДИЛИМЕН КҮЙҮП ЖАЗЫП АТАМ.

РЕГИОНДОРДУ КЫДЫРЫП ЖҮРГӨНДӨ,ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕН АР КАНДАЙ АДАМДАР САХНАГА ЧЫГЫП СҮЙЛӨП АТТЫ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАРДЫН КӨБҮ САРИЕВТИ “САЯСИЙ ИНТЕЛЛЕГЕНЦИЯНЫН” КУРАМЫНДАСЫҢ ДЕП АЙТЫШЧУ. ДАЙЫМА САХНАГА ЧЫГААРДЫН АЛДЫНДА БУ КИШИ МЕНИ ЧАКЫРЫП,АША ЧААП,МЕНИ ЖӨН ЭЛЕ МАКТАП,ФАКТЫСЫ ЖОК СҮЙЛӨП АТКАНДАР БОЛСО (ПАХТА КОЮП АТКАНДАР) АКЫРЫН ТОКТОТУП КОЙ ДЕГЕН СӨЗҮ АЯБАЙ ТАҢ КАЛТЫРГАН МЕНИ. СЕБЕБИ,ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ ДЕГЕН ТАЛАПКЕРГЕ КОШОМАТ КЫЛГАНДАР ЧЫГА БЕРЕТ ЭКЕН. БАШКА БИРӨӨ БОЛСО, МЕЙЛИ МАКТАЙ БЕРСИН ДЕП,КАЛП ЖЫРГАП ТУРА БЕРМЕК. САРИЕВ КОШОМАТЧЫЛАРДЫ ЖАМАН КӨРӨТ. ТАРТИПТИ УШУНЧАЛЫК ТАЛАП КЫЛГАН ИНСАН. КИЙИН ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТОЙЛОРУНДА КАНЧА КЫЗМАТ КЫЛДЫМ. ЫНТЫМАК ДЕГЕН САРИЕВТЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ БАР. УЛУУСУ-УЛУУДАЙ,КИЧҮҮСҮ-ЖАШТАЙ МАМИЛЕ КЫЛАТ АДАМДАРГА. КАНЧА БИЙЛИКТЕГИ АДАМДАРДЫН,САЯСАТЧЫЛАРДЫН ТОЮН АЛЫП БАРДЫМ,САРИЕВТЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨЙ ТАРТИПТИ КӨРӨ ЭЛЕКМИН. ДЕМЕК,СЫРТТА ЭЛЕ ЭМЕС,ҮЙДӨ ДАГЫ ТАРТИПТИ БЕКЕМ КАРМАГАН ИНСАН ЖУМУШУНДА ДАГЫ ТАКТЫКТЫ,ТАРТИПТИ САКТАСА КЕРЕК ДЕГЕН ОЙ. МАМЛЕКЕТКЕ ЗЫЯН КЕЛТИРГЕНБИ ЖЕ ЖОКПУ,СОТ ЧЕЧЕТ. БИРОК,БУГА ЧЕЙИН БИЙЛИК КАНЧАЛАГАН АТКАМИНЕРЛЕРДИ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРГАНЫН ЭСКЕ АЛЫП,САРИЕВ ТЕМИР АРГЕМБАЕВИЧТИ ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ АЯКТАГАНЧА ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРУУСУН ӨТҮНГӨНДӨРДҮН КАТАРЫНДА МЕН ДАГЫ БАРМЫН», деп жазган ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.