Токтогулда жаңы төрөлгөн ымыркайды дааратканага таштап салган

Жалал-Абад облусунда дааратканага түшүп кеткен ымыркай куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтогул районундагы турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салган. Жерине №97 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышып, ИИМ жана «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда ымыркайдын абалы орто.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.