Самбо боюнча эл арадык мелдеште «Шумкар» полкунун азаматтары алдыкы орундарды ээлешти

Бишкек, 11.08.2021 Sokol.media

2021-жылдын 5-августунан 8-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кызыл Жылдыз Орденинин кавалери Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган Самбо боюнча эл аралык мелдеш уюштурулган.

Аталган мелдешке ИИМдин »Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкерлери катышып байгелүү орундарды камсыздышты. 98 кг салмакта 1-орунду милициянын улук сержанты Бекболсун Керимбеков, 88 кг салмакта милициянын улук сержанты Бектур Идирисов, ошондой эле 98 кг жогорку салмакта 2-орунду милициянын улук сержанты Кадырбек уулу Бедиярбек камсыздаса, 98 кг жогору салмакта 3-орунду милициянын старшинасы Туратбеков Бексултан камсыз кылды. Мелдеште ийгилик жараткан кызматкерлерди рота командири милициянын подполковниги Р.Кожобеков куттуктап, кызматында жана спорт жаатында чоң жетишкендиктерди каалады.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.