Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат

Бишкек, 11.08.2021 Sokol.media

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин басма сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү келишимге Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри (учурда вице-премьер-министр) Чарымырат Пурчеков кол койду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстанга электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашышкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын август айынан тарта ушул жылдын декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн кВт саат электр энергиясын берет. Ушул жылдын 9-августуна карата Түркмөнстандан кол коюлган контракт боюнча 19,2 млн.кВтч электр энергиясы экспорттолду.

Ошондой эле, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.