Кыргыз балбаны Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

Бишкек, 11.08.2021 Sokol.media

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов «Токио-2020» Олимпиадасында жараткан ийгилигинен кийин Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү. Ал эми 77 килограммга чейинки салмактагылар арасындагы рейтингде 1-орунду Токио Олимпиадасынын финалында Акжол Махмудов менен күрөшкөн венгриялык балбан Тамаш Леринц ээлеген.

Эске салсак, Акжол Махмудов «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган.

 Кыргыз өлкөсү үчүнбул акыркы 13 жылдан бери алгачкы Олимпиада медалы болду. Ошондой эле Акжол Махмудов эгемендүү кыргыз тарыхындагы Олимпиаданын финалына чыккан экинчи спортчу болуп калды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.