ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Түркия Республикасынын Аскердик атташеси менен жолугушту

ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Түркия Республикасынын Аскердик атташеси менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы билдирди.

2021- жылдын 10-августунда ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник И.Кенжекулов менен Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Аскер атташеси полковниги Эртан Онал менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында тараптар аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.


Жолугушуунун кезегинде Аскер атташе ички аскерлеринин колбашчысына жылуу тосуп алуусуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн аскердик кызматташуулары мындар ары дагы бекемделе берээрин белгилеп өттү.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.