Ошто жаш кыз 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган

Бишкек, 10.08.2021 Sokol.media

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-августка караган түнү саат 04:10 чамасында «102» кызматына көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан бир кыз секирүүгө аракет кылып жатат деген билдирүү келип түшкөн.

«Кызматкерлер барган учурда кыз терезенин кырына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан. Алар 5-кабатка чыгып, кыздын жашаган үйүнүн эшигин бузуп кирип куткарып калышкан. Окуяны териштирүү үчүн кызды Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Азырынча ал кыздын эмне себептен мындай жолго баргандыгы белгисиз», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.