Манасчылар «Манастын уулу Семетей» тасмасын тартууга каршы болушууда. Пикирлери айтылды

Бишкек, 10.08.2021 Sokol.media

Бүгүн, 10-августта манасчылар тартуу иштери жүрүп жаткан «Манастын уулу Семетей» тасмасынын сюжети тууралуу маалымат жыйын беришти.

Анда манасчылар учурда тартылуу иштери жүрүп жаткан тасманын сценарийине нааразычылыктары бар экендигин айтышты.

«Манастын уулу Семетей» тасмасынын сценарийи боюнча пикирибизди билдирдик. Бул тасма Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» чыгармасына негизделип тартылды деген менен, алымча-кошумчалар өтө көп. Салттуулукка туура келбеген жана Жалил Садыковдун чыгармасында жок же салттуу манасчылардын сюжетинде жок кыргыздын кадырына доо кетире турган сөздөр, окуялар кошулуп кеткен.

Мисалы, Көбөштүн башында эле кангайларга биригип алып салык төлөп тургандыгы. Логикага сыйбай турган нерселер дагы бар. Мына ушулардын баарына ар бирин иликтеп-жиликтеп каршылыгыбызды айтып бердик. Жыйынтыктап айтканда, «Манастын уулу Семетей» деген атка сценарий жооп бербейт», — деди манасчы Рыспай Исаков.

Ошондой эле манасчы тасманын режиссёрлору менен жолугушканын, анда сценарийге каршы пикирин билдиргенин айтып өттү.

«Тасманын режиссёрлору менен дагы жолугуп сүйлөштүк. Алар тасманы тарта беребиз дешти. Бирок биз бул боюнча каршы пикирибизди билдирдик. Алар «силер каршы болуп жаткан жерлерин алып коёбуз. Анан башка жерлерин тарта беребиз» деп айтышты. Андай боло турган болсо, биринчиден сценарий таптакыр эле жокко чыгып калат. Андай болсо жаңыдан жазышы керек. Ал эми биз тартууну токтото турса болобу дедик, бирок алар тартуу иштерин токтуу болбой тургандыгын билдиришти. Бул жерде таптакыр тартпа дегендик эмес. Бул сценарий менен тасманы тартууга болбойт деген пикирибизди билдирдик», — деп кошумчалады Исаков.

Ал эми журналисттердин сценарий жазууда манасчылар кошулушу керек беле деген суроого төмөнкүдөй жооп берди.

«Эми сөзсүз эле манасчылар менен кеңешсиң дегендик эмес. Бирок чымчыкты сойсо дагы касапчы сойсун дейт да. Ар бир нерсени өз адиси менен кеңешип алуу ашыкча болбойт. Окуялар боюнча маалымат ала турган болсо, манасчылар маалымат берүүгө даяр. Манас изилдөөчүлөр бар. Керек учурда кызматтташып жүрөбүз жана иштешүүгө даярбыз. Бирок ушундай нерселерди дагы эске алуу керек. Элдин байлыгы болгондон кийин, ага өзүм билемдик менен мамиле кылууга болбойт.

Мүмкүнчүлүктү дагы кеңейтүү зарыл. Манас бир эле кыргыз эли гана эмес, көчмөн уруулардын башын бириктирген деп билебиз да. Бул кыргыз деп эле ураан чакырып кете берген эмес, акыйкаттыктын, адилеттиктин туусун көтөргөн инсан болгон. Ошону үчүн, өчөшкөн душманынын Коңурбайдын бир тууганы келип Манаска кызмат кылып жатат. Себеби ал адилет болгон», — деп кошумчалады манасчы Исаков.

Маалымат жыйында манасчылар тасманы тартууга моралдык укуктарынын негизинде гана каршы чыгып жаткандыктарын айтышты.

«Биз сыймыктанган бир эле «Манас» эпосу калды. Ошондукнтан эл аралык деңгээлде иш кылышыбыз керек«, — деди манасчы Замирбек Баялиев.

Кыргыз эли нансыз жаша дагы, «Манассыз» жашай албай тургандыгын жана ага олуттуу мамиле кылуу керектигин айтып маалымат жыйынды аякташты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.