Үч жарым жаштагы кызын жанына салып алып такси айдап жүргөн жаранга мэрия көмөк көрсөтөт

Бишкек, 10.08.2021 Sokol.media

Үч жарым жаштагы кызын жанына салып алып такси айдап жүргөн жаранга мэрия көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин жардамчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Массалык маалымат каражаттарында үч жашар кызы менен такси кызматында иштөөгө мажбур болгон жаран жөнүндө маалымат чыккан
Анын кызын калтырганга эч кимиси жок экенин айтылган. Буга байланыштуу борбор калаанын мэриясы бул жаран муниципалитетке жардам сурап кайрылганын билдирет. Ал жаран бала бакчага электрондук кезекке туруу үчүн Свердлов районунун Билим берүү борборуна жөнөтүлгөн.

“Бирок документтерди тапшырган учурда ал кишинин мектепке чейинки билим берүү мекемесине кабыл алуу үчүн зарыл болгон №83- медициналык формасы жок болуп чыккан. Кийинчерээк жарандын Ош шаарынын тургуну экени дагы аныкталган. Бул учурда, чыныгы жашаган жеринен маалымкат дагы талап кылынат, бирок ал документ арыз ээсинин колунда жок болгон. Эгерде массалык маалымат каражаттарына кайрылган жаран бардык керектүү документтерди тапшырса, биз сөзсүз түрдө кызын бала бакчага жайгаштырабыз. Документ иштерине да көмөк көрсөтүлөт. Аны райондук билим берүү борборунда күтөбүз. Бишкек шаардык мэриясы жардам берет“, – деп билдирди Абсаттаров.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.