БУУ: климаттын өзгөрүшү катастрофалык деңгээлде болот (видео)

FILE- In this March 8, 2014 file photo, steam from the Jeffrey Energy Center coal-fired power plant is silhouetted against the setting sun near St. Mary's, Kan. A groundbreaking agreement struck Wednesday, Nov. 12, 2014, by the United States and China puts the world's two worst polluters on a faster track to curbing the heat-trapping gases blamed for global warming. Energized by these new targets set by China and the United States, the world’s top climate polluters, U.N. global warming talks resume Dec. 1, 2014 in Peru, with unusual optimism despite evidence that human-generated climate change is already happening and bound to get worse. (AP Photo/Charlie Riedel, File)

Бишкек, 10.08.2021 Sokol.media

Адамзаттын аракеттери климатты өзгөртүп гана койбостон, орду толгус зыянга учуратууда, – деп айтылат БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөт аралык эксперттер тобунун жаңы баяндамасында.

Баяндамага ылайык, акыркы 40 жылда Жердеги орточо температура буга чейинки 2000 жылга караганда алда канча тезирээк көтөрүлгөн. 2011-2020-жылдары орточо температура көрсөткүчтөрү 1850-1900-жылдардагы көрсөткүчкө караганда 1,1 градуска көбөйгөн. Соңку беш жыл 1850-жылдан берки убакыттагы эң ысык кезең деп таанылды.

Баяндама авторлорунун пикиринде, алдыдагы он жылдыкта дүйнөнүн бардык аймактарында климаттын өзгөргөнү өзгөчө байкалат. Орточо температура көрсөткүчү 1,5° C көтөрүлгөн кезде жылдын жылуу мезгилдери узарып, суугу кыскара берет. Арктика 2050-жылга чейин жылына бери дегенде бир жолу толук ээриши мүмкүн.

Окумуштуулар 1990-жылдан баштап муздардын ээришин адамзаттын таасири катары баалашууда.

2015-жылы БУУнун алкагында Климат жөнүндө Париж келишими кабыл алынган. Максат – зыяндуу газдардын атмосферага тарашын азайтып, глобалдык жылуулукту 1,5 градус өлчөмүндө сактап туруу болгон. Бирок окумуштуулар “бир жарым градус үчүн күрөштө” утулдук деп эсептешет.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш бул баяндаманы “адамзат үчүн кызыл код” деп атады.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.