Александр Лукашенко жакында президенттик кызматтан кетерин билдирди

Бишкек, 10.08.2021 Sokol.media

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко жакында президенттик кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. 

Маалыматка ылайык, президент мындай билдирүүнү журналисттер, коомчулук өкүлдөрү жана эксперттер катышкан «Президент менен чоң маек» жолугушуусунда билдирген.

«Лукашенко качан кетет» деген жана башка нерселерди талкуулоонун кереги жок. Жакынкы күндөрү», — деп белгилеген өлкө башчысы.

Ошондой эле ал кеткен соң анын ордуна карапайым бирөө келерин айткан.

«Мен кызматтан кеткенден кийин кантип жашарымды жана эмне иш кыларымды билбейм. Аны азырынча элестете албайм», — деп кошумчалаган Александр Лукашенко.

Беларусь лидери кайрадан президенттик кызматка келгенинин бир жылдыгына карата журналисттер менен жолугушуу өткөргөн.

Эске салсак, Александр Лукашенко Беларусь өлкөсүн 27 жылдан бери башкарып келет. Анын былтыркы президенттик шайлоодогу алтынчы жолку жеңиши көптөгөн нааразылык акциялары, массалык митингдер менен коштолгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.