Ак-Өргө конушунда эки унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады

Бишкек, 10.08.2021 Sokol.media

Кечээ, 9-август күнү Бишкек шаарында Toyota RAV4 менен Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаалар сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 22:00 чамасында Ак-Өргө конушунда тагыраагы Өмүракунова (Гагарина) көчөсүндө болгон.

Кырсыктын кесепетинен 4 жаран ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Унаа айып короо жайына токтотулду. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.