Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык маарекеси болуп өттү

2021-жылдын 10-август күнү Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 718 аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык маарекесине карата, аскер бөлүктө салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, аскер бөлүктүн командири полковник Сардарбек Бакыев келген конокторго алгач аскер бөлүктүн 15 жылдык басып өткөн тарых жолун жана күжүрмөн кызматтарда жетишкен ийгиликтерин айтып өттү.


Өздүк курамды майрамы менен Кара-Көл шаарынын мэри Алмаз Балташов, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Эрнис Молдокеев, Каскад Токтогул ГЭСнин директорунун орун басары Улан Халбатыров, Кара-Көл шаардык аскер комиссариаты капитан Канатбек уулу Нияз, Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы улук лейтенант Асылбек Чаргынбаев жана Республикалык жоокерлер энелер комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Элмира Бекмуратова куттукташып, өздөрүнүн сый барактарын жана белектерин күжүрмөн кызматта жакшы жетишкендиги жана үлгүлүү аскердик тартиптүүлүгү менен айырмаланган аскер кызматкерлерине тапшырып куттуктоо сөздөрүн билдирип кетишти.
Иш-чаранын соңунда өздүк курамга Кара-Көл шаардык маданият үйүнүн маданият кызматкерлеринин катышуусунда чакан концерттик программа тартууланып өткөрүлдү жана жоокерлерге майрамдык тамактануу уюштурулуп берилди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.