Журналист Асланбек Сартбаев УКМКга суракка чакырылды

Бишкек, 09.08.2021 Sokol.media

“Азия ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу анын келинчеги “Кактус Медиа” агенттигине билдирген.

Анын айтымында, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери бүгүн түштөн кийин анын үйүнө келип, суракка алышкан.

“Алар эмне иш үчүн келгенин билбейм. Чакыруу мурда келген эмес, алар аны менен дароо келишкен” деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.