Жалал-Абадда кол өнөрчүлөрдүн республикалык фестивалы өтөт

Бишкек, 09.08.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата “Алтын өрөөн” кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы уюштурулууда.

Облустук Барпы театрында 20-август күнү, саат 10:00дө башталуучу саамалыкта өлкөнүн бардык аймактарынан келген каалоочу ууз-чеберлер катышып, өздөрүнүн эмгектерин тартуулашмакчы.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын утурлай өткөрүлүүчү иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо менен анын калк арасында кеңири жайылтуу болуп саналат. Фестивал улуттук кийимдердин көргөзмөсү, театралдаштырылган көрүнүш жана концерттик программалар менен коштолот.

Мындан сырткары, 31-август күнү Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында өткөрүлгөн “Менин элим, менин жерим – нур төгүлгөн Кыргызстан” аталышындагы телесынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Ага облус өкүлүнүн резервдик фондунан 250 миң сом каражат бөлүнгөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.