Токтогулда 6,5 тонна кара куурай жок кылынды

Бишкек, 09.08.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын ИИМнин тиешелүү кызматтары тарабынан жыл сайын «МАК» аталышындагы иш-чарасы өткөрүлүп келет. Бул иш-чаранын алкагында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жана КРнын ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, жергиликтүү Өзгөрүш айылынын айыл өкмөтү, айыл башчы, аксакалдар жана жаштар кеңеши болуп, жалпы аянты 3,5 га түзгөн талаада өскөн жапайы кара куурайды техниканын жардамы менен орушуп, жалпы салмагы болжол менен 6,5 тоннага жакын кара куурай жыйналып жок кылынды. Мындай маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Мак-2021 иш-чарасынын бул жолку катышуучулары жана жаштары баңги затка каршы экендиктерин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Токтогул районунда жалпы аянты 6,5-7 га түзгөн талаадан 10 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.