Токмокто ачык аянтта чөп күйүп, кондитердик цехти каптады

Бишкек, 09.08.2021 Sokol.media

Чүй облусунун Токмок шаарында  ачык аянттагы куураган чөп күйүп,  кийин цехти каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 8-августта ачык аянтта куураган чөп күйүп, өрт кондитердик цехти жана кампасын каптаган. Анын кесепетинен кампадагы коробкалар жана цехтин жалпы 815 чарчы метр аянты күйдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок. Өрт саат 18:16да толугу менен өчүрүлдү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.