Токиодогу олимпиадалык медалдар колдонуудан чыккан тиричилик техникалардан жасалган

Бишкек, 09.08.2021 Sokol.media

Токиодогу Олимпиадалык медалдар кайра иштетилген электротехникадан — колдонулган мобилдик телефондордон жана башка гаджеттерден жасалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, медалдарды жаратууга бүт өлкө катышкан.

Японияда Олимпиадалык медалдарды өндүрүү боюнча жалпы улуттук долбоордун алкагында, 2017-жылдын 1-апрелинен 2019-жылдын 31-мартына чейин, керексиз болуп калган гаджеттерин көчөлөрдө жана почта бөлүмдөрүндө илинген атайын кутуларга салып чогултушкан.

Эки жылдын ичинде өлкө боюнча уюлдук телефондорду кошкондо дээрлик 79 тонна керектөөчү электроника чогултулган.

Натыйжада, Токио Олимпиадасынын 5 миң медалын жасоо үчүн кайра иштетилүүчү материалдар жетиштүү алынган.

Булак: Супер кж

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.