Сумка. Паспорт. Капчык. Ала-Тоо аянтынан табылган буюмдар кимдерге таандык..

Буюмдар аянттагы милиция пунктунда сакталып турат. Аталган пункт ачылгандан бери (2021-жылдын 18-июну) бир нече буюм табылган.
Инспекторлор «Ала-Тоо» аянтынан баалуу буюмдарды жана документтерди таап алууда. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милиция кызматы билдирди.

Буюмдар учурда аянттагы милиция пунктунда сакталып турат.
Аталган пункт ачылгандан бери (2021-жылдын 18-июну) төмөнкүлөр табылган:
• 14 паспорт, тогузу ээсине кайтарылып, бешөө сакталып турат;
• 5 сумка, экөө ээсин таап, үчөө сакталып турат;
• 5 үйдүн жана автоунаанын ачкычы, төртөө кайтарылды;
• самокат (ээсине берилди);
• капчык;
• 5 портмоне, төртөө кайтарылып, бирөө сакталып турат;
• пенсиялык күбөлүк;
• автоунааны каттоо күбөлүгү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.