Марипов Ысык-Көлдө Ауди үлгүсүндөгү унаага түшкөнү боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек, 09.08.2021 Sokol.media

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көлдөгү сапарында Ауди үлгүсүндөгү унаага түшкөнү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«Жакында Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышып, бир катар райондордогу сел жүрүү кесепетин жоюу иштери кандай жүрүп жаткандыгын көрүп келдим.
Аймактык иш сапарларга барганда мен ар дайым айылдарды аралап жай кыдырып, эл менен жакындан сүйлөшүп келем. Иш сапарга чыгуунун алдында мен жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды уюштурууну сөзсүз тапшырам, анткени болуп жаткан көйгөйлөрдү жеринде угуу мен үчүн өтө маанилүү деп эсептейм.
Тасма айылынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын сунушу менен Ауди үлгүсүндөгү унаага түшүп, айылдагы талкаланган жолдун абалына жеке өзүм күбө болдум.
Келерки жылы жол куруу жана реконструкциялоо боюнча иштердин тиешелүү тизмесине жолдун ушул кесиндисин киргизүү маселеси каралат. Албетте, жол көйгөйү ар бир облуста бар, алар финансылык мүмкүнчүлүккө жараша оңдолуп турмакчы.
Тасма айылынын жашоочуларына кайдыгер карабагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары иштеги кетирген каталыктарын тезинен жоюунун үстүндө иш алып барышат», — деп жазылат билдирүүдө.
Социалдык тармакта министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында эски автоунаага түшүп кетип жатканы талкуу жараткан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.