Баткенден Бишкекке акча табуу максатында жумуш издеп кеткен жигит изделүүдө

Бишкек, 09.08.2021 Sokol.media

2019-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын тургуну, 1997-жылы туулган Асылбек уулу Бөрүбай Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январь айынан баштап байланышка чыкпай, жүргөн жери белгисиз. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди. 
Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 165-170см., кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жигитти таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.