Видео — Атамбаевдин командасы чырдашып, ок атышуу менен аяктады. Жабыркагандар бар

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media

6-августа социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү Бишкек шаардык кеңешине өткөндүгүн белгилеп чогулушкан. Маалыматка ылайык ырчыларды чогултууга Алга Кылычов жоопкер болгон. Банкет соңунда ырчылардын гонорары төлөнбөй калып чыр чыккан.

Темирлан Султанбеков менен Таалай Усубалиев Алга Кылычов жашаган Ак-Өргөдөгү үйүнө келген. Териштирүү мушташууга айланып, ок атышуу болгон. Алга Кылычов окуядан кийин больницага түштү.

 

Окуяны Ленин РИИБ тастыктады. 7-август, саат 06:55 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда, А.К аттуу жаран бутуна ок атуучу куралдан жараат алганы айтылган. Окуя болгон жерге Ленин РИИБнын ыкчам тергөө тобу жетип келген. Ал учурда А.К аттуу жаранды Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна алып кетип жаткан.

 

Алга Кылычовдун жубайы, кимдир бирөөлөр келип чыгып кеткени, бир аздан соң жолдошу буту канап жерде жатканын көрүп, тез жардам чакырган.

 

Аталган факты боюнча Ленин РИИБы КРнын кылмыш жаза кодексинин 266 (ээн баштык) фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: koom.press

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.