Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен телефондук сүйлөшүүсү болду.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улукбек Марипов жалпы түрк элине адам курмандыктары менен коштолгон токойдогу өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандарга тез арада калыбына келүүсүн каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 10-кеңешмесин өткөрүүнүн жаңы датасын талкуулады.

Белгилей кетсек, 6-7-августка пландаштырылган 10-кеңешме Түркия Республикасындагы токойлордогу өрт кырсыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.