УКМК «Азия Ньюс» гезитинин башкы редакторуна кылмыш ишин козгоду

Бишкек, 07.08.2021 Sokol.media 

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сартбаев Жазык кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелүүдө.

Бул факт боюнча Асланбек Сартбаев интернетке жарыялаган материалда региондор аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.